Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Пара берүү, паралап коюу. Алкымын майлап туруп, макулдугун алып койгон да. Кызмат кылып бербейби, Майлап койсом алкымын (Осмонкул). В.: Тамагын майлоо. Тамагын майлап колго түшүрсө керек («Чалкан»). Кекиртегин майлоо. Таштемир Сатыбалдынын кекиртегин майлап, үйүнө бир чоң челек кымыз, баглан козунун этин жеткирип бериптир («Советтик Кыргызстан»). Кулкунун майлоо. Унчукпай калганына караганда кулкунун майлаган окшойт («Чалкан»).